Маалыматтарга ылайык, 17 жаштагы Т. А. достору менен тоо лыжасы курортуна келген. Ски-пасстарды алып, лыжа тебүүгө киришишкен. Бирок, жогорку ылдамдыкта Т. А. чектен чыгып, жиптен жасалган тосмону бузуп, тереңдикке кулаган.
Окуядан кийин жабыркаган кызды тез арада Бишкектин Улуттук ооруканасынын травматология реанимация бөлүмүнө жеткирген.
Алдын ала медициналык текшерүү көптөгөн сынууларды аныктады: эки төмөнкү бут, сол кол жана омуртка.Учурда экспертиза дайындалган.