
Аял кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктүн, анын ичинде зергерчилик буюмдардын кепилдиги менен насыяларды берген. Насыя алган жаран Ш.К.У. 1 миллион сом алып, ай сайын 150 миң сом пайыз катары төлөп турган.
Карызды төлөө учурунда шектүү бир нече жолу карыз алууга коркутуулар жасап, анын мүлкүн тартып алууга аракет кылып, пайыздарды убагында төлөөнү талап кылган. Натыйжада, ал анын унаасын алып кеткен.
4-февралда ал 200 миң сом пайыз катары алып жаткан жеринен кармалды. Анын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда кыймылсыз мүлккө техникалык паспорттор, ID-паспорттор, жер тилкелерине ээлик кылуу документтери жана кепилдикке берилген баалуу буюмдар табылган.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү мойнуна алган көрсөтмөлөрдү берди. Учурда ал МУККнын убактылуу кармоо жайында жатат. Башка мүмкүн болгон жабырлануучулар жана кепилдик мүлктүн ээлерин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Текшерүү аяктагандан кийин алынган мүлктү мыйзамдуу ээлерине кайтаруу пландалууда.