Түндүк - түштүк альтернативдүү жолунда лавина түшүп, участок жабык

Яна Орехова Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
Түндүк – түштүк альтернативдүү жолунда лавина түшүп, участок жабылды
Түндүк – түштүк альтернативдүү трассасынын Арал менен Казарман ортосундагы участокто лавина түшүп, жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кар массасы жолдун 243–296-километрлеринде түшкөн. Учурда лавинанын көлөмү такталууда. Бул аймакта транспорттун кыймылы толугу менен токтотулду.

Минтранс фото
Жолду тазалоо Транспорт министрлигинин структурасына кирген № 18 жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Коопсуздукту жогорулатуу үчүн атайын машиналар жөнөтүлүп, тазалоо иштери улантылууда.

Кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Исфахандын сарайлары

Исфахандын сарайлары

Кечинде Исфахан отелине келип жайгашканда, номерге кыз бала телефон чалып, таза орус тилинде бизди...