
Транспорт жана байланыш министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, жол кызматкерлери коопсуз жол кыймылын камсыздоо үчүн түнү-бүткүл иштешет. Кыйын аба ырайы байкалган участкаларда, муз тоңбосун үчүн жолдорду инерттик материалдар менен чачуу иштери жүргүзүлүүдө.
Министрликтин сүрөтү
Министрлик айдоочуларды Жол кыймылынын эрежелерин сактоого, каршы тилкеге чыгуудан качууга жана жолдун абалынан көз каранды болбостон, коопсуздук каражаттарын өздөрү менен алып жүрүүгө чакырат.