
Бардыгы коопсуздук кызматында иштеген
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Бишкек шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ролун ойногон топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүн токтоткондугу тууралуу маалымдашты.
Аталган адамдар милиция кызматкерлеринин ролун ойноп, кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн батирлерге мыйзамсыз кирип, жарандардан акча талап кылышкан.
Бул окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «бандитизм» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө учурунда үч адам кармалды: К.Ж. (1995-жылы туулган), Ж.Э.Ж. (1994-жылы туулган) жана С.А.А. (1995-жылы туулган).
Бардык кармалгандар мурун жеке коопсуздук агенттиктеринде иштеген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алар борбордогу 15 дарек боюнча окшош кылмыштарды жасашкан.
Учурда келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталууда.
сүрөт www