
Маалыматка ылайык, 30-январь күнү кечинде жергиликтүү тургун милицияга Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде iPhone 17 Pro Max уурдалганын айтып кайрылган. Анын баасы 150 миң сомду түзөт.

Оперативдик иш-чаралардын натыйжасында К.Б. аттуу 2000-жылы туулган жаран кармалды, ал мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун катышуучусу жана карманчы катары катталган.
Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Кармалган адам издөөдө болгон жана борбордун коомдук жайларында төрт карманчылык кылууга катыштыгы бар экени аныкталды. Сурак учурунда ал милиция кызматкерлерине кылмыш жолу менен алынган төрт мобилдик телефонду ыктыярдуу түрдө өткөрүп берди.
Тергөөнүн иштери уланууда.