
Бишкекте алдамчылык аракеттери үчүн шектүү кармалды
Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгына А.А. аттуу жарандан К.О. аттуу жаранга чара көрүү өтүнүчү менен арыз түшкөн.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын февраль айында Байтик Баатыра көчөсүндө шектүү, алдамчылык жолу менен 4,1 млн сомду өзүнө ыйгарып алган, биргелешкен ишкананы түзүү шылтоосу менен.
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголду.
Оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө 1997-жылы туулган К.О. аттуу жаран кармалды.
Кармалган жаран тергөө органдарына өткөрүлүп, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.