2025-жылдын 12-февралында Т. К. жергиликтүү ИИБге А. аттуу эркекке карата алдамчылык боюнча арыз менен кайрылган. 2025-жылдын февраль айында ал унааны жеткирүү боюнча делдал катары өзүн көрсөтүп, 8,5 миллион сом алган, бирок өз милдеттенмелерин аткарбай, качып кеткен.
Кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси боюнча козголгон. Шектүү А. Е. аттуу, 1982-жылы туулган, кармалган. Ал Бишкектин ГУВДсынын убактылуу кармоо жайында жатат.

Ошондой эле кармалган адамдын башка окшош кылмыштарга катыштыгы боюнча териштирүү жүргүзүлүүдө.
Полиция жарандарды, ушундай аракеттердин курмандыгы болгон, 0500 09 60 95 жана 102 телефондору аркылуу кайрылууга чакырат.