
УКМКнын маалымат борборунун сүрөтү. Бишкекте алдамчылыкка шектелген милиция кызматкери кармалды
Маалыматка ылайык, Первомай районунун күзөт кызматкери К. у. А. аттуу жарандан айдоочулук күбөлүк алууга жардам берүүгө убада берип, чоң суммадагы акча алган. Акча банктык тиркеме аркылуу которулган.
Кармалган К. у. А. УКМКнын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды, ал жерде анын үстүнөн тергөө жүрүп жатат.
Мамлекеттик комитет айдоочулук күбөлүктү алуу мыйзамдуу жол менен гана мүмкүн экенин эскертет.
Билдирүүдө президент Садыр Жапаров мыйзамдарды катуу сактоонун жана бул тармакта коррупциянын болбошу тууралуу бир нече жолу баса белгилегендиги айтылат.