
Бишкектин Ленин районунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө №95 мектебинин окуучуларынын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу көзөмөл органы маалымдады.
Прокурорлордун маалыматына караганда, бул мыйзам бузуулар Кыргыз Республикасынын президентинин балдар үчүн акысыз мектеп билим берүү боюнча мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу тууралуу жарлыгына каршы келет.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кээ бир мугалимдер кошумча сабактар үчүн акча талап кылышканы, анын суммасы мамлекеттик баалардан ашып кеткендиги белгилүү болду.
Прокуратуранын иликтөөсүнүн натыйжасында төрт мугалим административдик жоопкерчиликке тартылды. Мындан тышкары, Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин беш кызматкери дисциплинардык жазага тартылды. Мектептин директору ээлеген кызматынан бошотулду.
Прокуратура ошондой эле билим берүү мекемелериндеги мыйзамсыз чогултууларды алдын алуу боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи.