
ГКНБнын кызматкерлери Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн начальнигин билим берүү мекемелеринин директорлорунан акча талап кылуу боюнча шектелип кармашты, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
ГКНБдан алынган маалыматка ылайык, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Нарын шаарындагы мектептердин жана балдар бакчаларынын жетекчилеринен 4 миңден 5 миң сомго чейин акча талап кылышкан.
Жыйналган каражаттар, маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын инспекторуна финансылык мыйзам бузууларды жашыруу максатында берилген.
Кармалгандардын кабинетинде тинтүү учурунда 68 миң сом табылып, алынган, ошондой эле Нарын шаарындагы 17 билим берүү мекемесинин акча алгандыгы тууралуу тизмеси аныкталган.
Сот тарабынан билим берүү бөлүмүнүн начальнигин тергөө иштери жүргөн убакта камакка алуу чечими кабыл алынды.