Тергөөнү жүргүзүүчү оперативдик топ окуя болгон жерге жетип барды. Дача участогун текшерүү учурунда, жердин 15–20 см тереңдигинде, тосмонун ички жагында эркектин сөөгү табылды, ал аркасына жатып калган. Жабырлануучунун жеке маалыматы аныкталды — Б. Н., 1993-жылы туулган.
Кылмыш иши Кылмыш кодексинин 122-беренесине ылайык "Киши өлтүрүү" фактысы боюнча козголду.
Мындан тышкары, Д. Р. 2014-жылдан бери психиатрдын көзөмөлүндө экендиги аныкталды.Шектүү катары 1988-жылы туулган Д. Р. кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Тергөөнүн жүрүшү уланууда.