
Окуянын себеби — карыз
Дордойдо эркек адамды цепке байлап койгон видео боюнча териштирүү жүргүзүлүп, шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Социалдык тармактарда цепти кесүү үчүн болгарка колдонгон адистердин видеосу пайда болду. Жазуунун автору, эркек адамды анын жубайы байлаганын билдирген.
Бул окуя Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 169-беренесине ылайык катталган.
Текшерүү учурунда болгон окуянын себеби финансылык карыз экендиги аныкталды.
Териштирүү иш-чараларынын алкагында 1971-жылы туулган И.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Сүрөт www