

Бишкекте массалык башаламандыкка байланыштуу шектүү жергиликтүү тургун кармалды. Тергөө иштерин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери жүргүзүп, кылмыш ишин териштирүү учурунда айрым жарандардын жыйындарды өткөрүп, мамлекеттик саясатка нааразычылыктарын билдирип, башаламандыкты пландаштырууда агитацияны колдонуп жаткандыгын аныкташты.
Шектүү 1971-жылы төрөлгөн Дж.М. болуп чыкты. Соттун санкциясына байланыштуу анын үйүндө жана Toyota 4Runner унаасында тинтүү жүргүзүлдү.
Тинтүү учурунда кармалган адамдын атына жазылган документтер, ар кандай маркадагы беш мобилдик телефон, микро-SIM-карта, чет элдик номерлер, эки күндөлүк, «Ашара Хидаст» деген аталыштагы 14 барактан турган папка, араб тилиндеги 68 китеп, арабча китептерге толгон кутуча, «ИНЕ» маркасындагы эки радиостанция жана тергөө үчүн кызыктуу болгон башка буюмдар табылды.
Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Дж.М. кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
2025-жылдын 13-декабрында ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык башаламандык) боюнча айып коюлду. Ошол эле күнү Бишкектин Первомай райондук соту аны 2026-жылдын 5-январына чейин камакка алуу чечимин кабыл алды.
Тергөө уланууда.