
Айлампанын узундугу 354 метр, туурасы — 50 метрди түзөт.
Ош шаарында эки деңгээлдүү жол айлампасын куруу иштери башталды, бул тууралуу жергиликтүү мэрия маалымдады.
Капсула салуу церемониясы өткөн күнү мэр Женишбек Токторбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетовдун катышуусунда өттү.
Муниципалдык бийликтин маалыматына ылайык, айлампа Айтиева жана Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашат. Жолдун жалпы узундугу 354 метр, туурасы — 50 метр. Проектке жарыктандыруу жана жөө адамдардын өтмөгү да киргизилген.
Сүрөт www