
Туулган жерге кайтуу маселеси каралууда
Иракта Кыргызстандын жараны, уурулук кылууга шектелип, кармалды. Бул тууралуу социалдык тармактарда маалымдалды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан да тастыкталды.
Кармалган адам Д.А.Б. деп аныкталды, 1987-жылы туулган, ал жергиликтүү сулуулук салондорунун биринде иштеген.
«Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги туугандары жана тиешелүү органдар менен байланышта. Учурда бул жарандын туулган жерине кайтуу маселеси чечилүүдө», - деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.
Ведомство ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргызстандыктарды көңүл бурууга жана этият болууга чакырды.
Сүрөт www