
АКШдагы кыргыз диаспорасы каражат чогултуп жатат
АКШда болгон жол кырсыгынан улам Кыргызстандык эки жаран каза болду, алардын бири оор абалда. Бул маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Медиа маалыматтарына ылайык, окуя 27-октябрда, Индиана штатындагы Уэст-Лафейетте болгон. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа бетон стөлгө сүзүлүп, отко ооп кеткен. Окуя болгон жерде кыргызстандык Чынгыз Сарыбаев каза болуп, 21 жаштагы Ясин Сейдибалиев ооруканада көз жумган. Жол кырсыгына катышкан үчүнчү адам Кайрат Алтынбеков медициналык мекемеде оор абалда.
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Чикагодогу Генералдык консулдугу каза болгондордун жана жабырлануучулардын үй-бүлөлөрү менен байланышта болуп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүп жатканын билдирди. Ошондой эле жергиликтүү укук коргоо органдары жана ритуалдык кызматтар менен байланыш орнотулду.
«Учурда АКШнын компетенттүү органдары менен биргеликте трагедиянын бардык жагдайларын аныктоо жана каза болгондордун денелерин мекенине жеткирүү үчүн зарыл болгон процедураларды уюштуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө», - деп айтылат расмий билдирүүдө.
АКШдагы кыргыз диаспорасы жабырлануучуга жардам берүү жана каза болгондордун жерге берүү чыгымдарын жабуу үчүн каражат чогултууну баштады. Жардам көрсөтүү үчүн реквизиттер:
АКШ үчүн (Zelle):
Электрондук почта дареги спам-боттордон корголгон. Даректи көрүү үчүн браузериңизде javascript активдештирилген болушу керек.
Электрондук почта дареги спам-боттордон корголгон. Даректи көрүү үчүн браузериңизде javascript активдештирилген болушу керек.
+17733047725 — Мафтуна
Кыргызстан үчүн:
4177 4901 9033 2553
SARYBAEVA AIPERI
+996995100698
АЙПЕРИ САРЫБАЕВА
Сүрөт www