
Ярмаркалар Турдакун Усубалиев атындагы аянтта, Исхака Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Первомай районундагы Эркиндик бульварында уюштурулган.
Бул иш-чаралардын негизги максаты жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана калкты сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо болуп, бул ички рыноктун туруктуу камсыздалышына өбөлгө түзөт.
Ярмаркаларга катышууну каалаган фермерлер жана өндүрүүчүлөр бул баштамага кошула алышат. Бирок катышуу үчүн белгилүү талаптар бар:
- Продукция сапаттуу жана коопсуз болушу керек;
- Товарлардын баалары рыноктук баалардан төмөн болушу керек;
- Министрликтин райондук агрардык башкармалыгынан тастыктоочу кат берүү зарыл.
Ярмаркаларды уюштуруучулар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, ошондой эле Бишкек шаардык мэриясы өкмөт башчынын орун басары жана министр Бакыт Торобаевдин тапшырмасы боюнча уюштурат.
Кошумча маалымат алуу жана суроолор боюнча төмөнкү телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот:
0312661422, 0702702000.
КРнын АШМнин басма сөз кызматынын сүрөтү