Аймактар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй:
- Ленин району — 1 миң 95;
- Октябрь району — 181;
- Первомай району — 665;
- Свердлов району — 664.
Башкы шаарда жер амнистиясына арналган 76 комиссиянын жыйыны өткөрүлдү. Натыйжада 2 миң 657 оң чечим кабыл алынды, ал эми 9 арыз четке кагылды. Мындан тышкары, 2 миң 205 документ «Бишкекглавархитектура» мамлекеттик мекемесине шаар куруу жыйынтыктарын даярдоо үчүн жөнөтүлдү.
Ошондой эле административдик-территориялык реформа алкагында, Сокулук жана Аламедин райондорунун администрацияларынан кабыл алуу-берүү актыларына негизделип, жарандардан 18 миң 219 арыз катталды.
Бул административдик райондор үчүн жер амнистиясы боюнча комиссиянын 25 жыйыны өткөрүлдү, анда 6 миң 298 арыз каралды. «Бишкекглавархитектура» мамлекеттик мекемесине жерди пайдалануу схемасын жана жер участокторунун долбоорлорун даярдоо үчүн 3 миң 574 арыз жөнөтүлдү. Натыйжада 2 миң 130 арыз жактырылды.
Шаар башчысынын отчету шаардык кенештин кароосуна чыгарылат.