Ал бул курулуш өлкөнүн өнүгүүсүндө маанилүү кадам экенин белгиледи.
Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин айтымында, проект заманбап сейсмостойдук талаптарга жооп берет, бардык керектүү эсептөөлөр жана коопсуздук чаралары бирдиктүү стандарттарды сактоо менен иштелип чыккан.
Комплекс тууралуу кыска мүнөздөмөлөр:
- Комплекс 14 блоктон турат.
- 35 кабаттуу 10 имарат жана 40 кабаттуу 4 имаратты камтыйт.
- Квартиралардын жалпы саны 4160 болот.
- 3 деңгээлден турган жер алдындагы паркинг 4200 унааны кабыл алат.
- Коомдук жайлар: бассейн, спорт борбору, балдар үчүн аянтчалар, теннис жана баскетбол аянттары, ошондой эле мини-футбол талаасы.
- Билим берүү мекемелери: 750 орундуу мектеп жана 280 орундуу бала бакча.
- Коопсуздукту камсыз кылуу: өрт машиналары үчүн атайын жолдор жана бөлүнгөн токтоочу жайлар.