
Көзөмөл шаардагы үч райондо жүргүзүлүүдө.
Шаардык администрациянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Бишкектин мончолорунда администрациялар жана МТУ кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө.
Инспекция Первомай, Ленин жана Свердлов райондорун камтып, 86 объекти, анын ичинде мончолор жана ар түрдүү ишканаларды текшерди. Рейддердин натыйжасында санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн 34 миң сомдук 5 протокол түзүлдү жана тыюу салынган отун түрлөрүн колдонуу боюнча жазалар берилди.
Текшерилген объектилердин арасында «Фрунзе» заводу жана «АКУН» ЖЧК сыяктуу маанилүү ишканалар болду.
Мэрия жарандарга экологиялык стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
«Тигүү өнөр жайынын калдыктарын, унаа майларын, боёк материалдарын, пластикти, резинаны жана башка зыяндуу калдыктарды күйгүзүүгө тыюу салынат. Бул эрежелерди эске албоо абаны булгап, түтүн пайда болуп, шаар тургундарынын ден соолугуна терс таасир этет», — деп маалымдалат муниципалитеттин пресс-релизинде.
Сүрөт www