

. Ош шаардык мэриясы «Кен-Сай» жашоочулары толугу менен электр энергиясы менен камсыздалганын маалымдады.
Проектти ишке ашыруу учурунда 150 электр энергиясын камсыздоо үчүн опора орнотулуп, СИП типтеги кабелдер тартылган. Ошондой эле 4 жаңы трансформатор орнотулуп, 3 эски трансформатор алмаштырылды.
15-декабрда, мэр Женишбек Токторбаев объектке барып, аткарылган иштер менен таанышып, бир нече үйлөрдө электр энергиясынын берилишин текшерди.