«Умуттун кыл калеми» аталышындагы көргөзмө, эркинен ажыратылган адамдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүүгө багытталган, алар кыйынчылыктарга карабастан өзүн-өзү көрсөтүүгө жана жаратканга умтулушат.
Бул жөн гана көргөзмө эмес — бул үмүт, ички өнүгүү жана жаңы башталышка мүмкүнчүлүк тууралуу баяндоо. Иш-чара коомдо кылмыш жаза системасынын контекстинде реабилитация процессин адилеттүү жана терең түшүнүүгө багытталган.

Экспозицияда жаркын түстөрдү жана ар түрдүү формаларды гана эмес, ошондой эле эмоцияларды, кыйынчылыктарды, тырышкандыктарды жана өз тагдырын өзгөртүүгө болгон умтулууларды көрүүгө болот. Ар бир чыгарма келечекке болгон кадам, түшүнүлүү жана угулууга болгон аракет.
Иш-чаранын алкагында төмөнкү иш-чаралар пландалган:
- көркөм жана колдонмо иштеринин презентациясы;
- соттолгондорду жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоо үчүн экспонаттарды кайрымдуулук сатуу;
- реабилитация жана социалдык жардам маселелери боюнча ачык талкуу;
- түзөтүү мекемелеринен тышкаркы адамдык окуяларга көңүл буруу.



«Бул чыгармачылыктар, өзүна ишенүүнү кайрадан үйрөнүп, жаңы горизонтторду ачууга жана өзгөрүүлөргө умтулуп жаткан адамдардын үнү», — деп белгиленет маалыматта.
Көргөзмөнүн өтүүчү жери: Пушкин көчөсү, 78а, Чингиз Айтматов атындагы дубал паркы, Семен Чуйков атындагы арт-галерея.