
Шаардык администрациянын маалымат кызматына ылайык, бул рейддер эки этапта жүргүзүлөт: күндүз жана түнкүсүн. Түнкү текшерүүлөр Ала-Тоо борбордук аянтында, ал эми күндүзкү иш-чаралар райондун аймагын, «Кудайберген» жана «Сары-Озон» базарларын, ошондой эле адамдардын жыш жайгашкан жерлерин, мисалы, жер алдындагы өтмөктөрдү жана соода борборлорунун жанындагы аймактарды камтыйт.


Рейддердин жүрүшүндө жашы жете элек балдар менен коопсуздук, укуктарын сактоо жана балдарды мыйзамсыз эмгек процесстери менен алектенүүгө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Бул багыттагы иштер келечекте улантылат.