Жергиликтүү тургундардын айтымында, Московская көчөсүндө, Турусбеков жана Айтматов проспектиси ортосунда арыктарды алмаштыруу иштери өтө этиятсыз жүргүзүлүүдө. Техника менен дээрлик бардык дарактардын тамырлары жабыркап, айрымдарынын кабыгы да зыян тарткан.

Арык мурда мындай көрүнүштө болгон.
Тургундар ошондой эле жаңы арыктарда сугат үчүн тешиктер жок экенин белгилешти.
"Бул таптакыр кабыл алынгыс. Бул дарактар мындай "жакшыртуулардан" кийин бир жыл да жашабай калуусу мүмкүн. Биз чара көрүүнү өтүнүп жатабыз", - деп билдиришти.








