

"Ахунбаев көчөсүндө, Карадарьин көчөсүнөн Бектенов көчөсүнө чейин, жаңы чатырлар жана отургучтар качан орнотулат? Эски конструкциялар Ахунбаев көчөсүн оңдоп жатканда алынып салынган. Оңдоо бир нече ай мурун бүттү, бирок жаңы токтоочу комплекстер азырынча пайда болгон жок. Адамдар, анын ичинде карыялар жана мектеп окуучулары, транспортту ачык асманда — күндүн астында жана жамгырда күтүүгө мажбур болушууда", - деп бөлүштү алар.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан Октябрь районунун акимиатына шилтеме берип билдиришкендей, Ахунбаев көчөсүндөгү токтоочу жайларды орнотууну тездетүү боюнча муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылуу жөнөтүлгөн. Акимиятта ошондой эле, көчөнүн оңдолушу 2025-жылдын октябрында аяктагандыгын жана жаңы комплекстерди орнотуу 2026-жылдын жазында пландалгандыгын кошумчалашты.