
Анын айтымында, өлкөнүн жолдорунда жана тоо өтмөктөрүндө жетиштүү жол техникасы бар
Жогорку Кенештин комитеттеринин жыйынында депутат Жанар Акаев Кытайдан кайтып келген көптөгөн унаалар Алай жана Чоң-Алайда токтоп калганын билдирди. Анын айтымында, күчтүү кар жаап, айдоочулардын жайкы шина колдонушу тоо өтмөктөрүндө тыгындардын пайда болушуна себеп болгон.
Ал премьер-министр Адылбек Касымалиевге жардам сурап, унаалардын өтүшүн камсыздоо үчүн жол техникасын жөнөтүүнү өтүндү.
Бул боюнча транспорт жана байланыш министри Абсаттар Сыргыбаев жолдордо жана тоо өтмөктөрүндө жетиштүү техника бар экенин айтып, тыгындардын себеби айдоочулар экенин белгиледи.
«Көптөгөн айдоочулар каршы тилкеге чыгып, биздин техниканын өтүшүнө тоскоолдук жаратууда, жайкы шина колдонуп, чынжырларды такпайт, бул жол кыймылынын эрежелерин бузуу болуп саналат. Туман жана начар көрүнүш шартында өтүүдө чындыгында кыйынчылыктар болду, бирок бул болгону бир нече саатка созулду. Негизинен көйгөйлөрдү айдоочулар өзү жаратууда», — деп комментарий берди транспорт министри.
Сүрөт www