
Депутат Дастан Бекешев Адылбек Касымалиевге жардам сурап кайрылды.
Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында парламентарий Бишкекте балдардын оюндар үчүн ылайыктуу жерлер жок экенин, жана балдар аянтчалары совет мезгилинен бери курулбаганын белгиледи.
«Бишкектин мэриясы акыры иштей баштасын. Каржы министрлиги бизде каражат бар деп жатат. Мэриядан 200 миллион сом табууну талап кылыңыздар, же бул каражатты бөлүп, балдар жана кары адамдар үчүн спорт жана эс алуу шарттарын түзүңүздөр», — деди депутат.
Муну өкмөт башчы 2026-жылга карата атайын трансферттер үчүн каржылоолор пландалганын айтып, бул каражаттан Бишкекте балдар аянтчаларын куруу үчүн акча бөлүнөт деп убада берди.
Сүрөт www