"Анкара көчөсүндөгү "Алтын-Ордо конушу" токтоочу жайында жамгырдан кийин чоң көлөмдө суу топтолот. Бул автобустан түшүүдө, өзгөчө кары адамдар жана балдар менен арбаларда жүргөндөр үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда. Бул көйгөйгө көңүл бурууну суранабыз, анткени ал шаардагы көптөгөн токтоочу жайларда байкалууда", - деп белгилешти.

Анкара көчөсүнүн тургундары жамгырдан кийин токтоочу жайлардагы лужалар боюнча көйгөйлөрдү билдиришти.