
Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеште маанилүү жыйын өттү
Адылбек Касымалиев илимий изилдөөлөр жана инновациялар туруктуу социалдык-экономикалык өсүүнү, технологиялык суверенитетти жана өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодо негизги роль ойнойт деп билдирди.
«Жыйындын катышуучулары илим тармагынын учурдагы абалын, бар болгон көйгөйлөрдү, ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын ишин жакшыртуу жолдорун жана геология тармагында мамлекеттик колдоону күчөтүү зарылдыгын талкуулашты», — деп белгиленди пресс-релизде.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча илимий изилдөөлөрдү финансылоону этап-этабы менен көбөйтүү, ошондой эле илимий долбоорлор үчүн мамлекеттик заказды өнүктүрүү жана геология тармагын модернизациялоо боюнча чечим кабыл алынды. Илимий изилдөөлөр жана геология мамлекеттик саясаттын негизги багыттары катары аныкталды.
Сүрөт www