
Бишкекте Куликовская жана Славянская көчөлөрүндө, ошондой эле Рыбинский көчөсүндө жаңы канализация тармактарын түзүү боюнча иштер башталды. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы маалымдады.
Бул иштерди жүргүзүү менен байланыштуу, 2026-жылдын 4-5-январь күндөрү Жибек Жолу проспектиси менен БЧКнын ортосунда жайгашкан Буденный көчөсүнүн бөлүгү жабык болот. Белгиленген күндөрдө бул жерде канализация куруу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.
Бул бөлүктөгү траншеянын туурасы 1,2 метрди түзөт. Иштерди Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы аткарат, ал эми подрядчы болуп ОсОО «Агат КЖ-Строй» уюму саналат.