Бул маалымат Ош облусунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен берилди.
Алардын маалыматы боюнча, 2025–2026-жылдардагы кышкы туристтик сезонго даярдык көрүү үчүн Кара-Суу районундагы популярдуу Чыйырчык жана Талдык лыжа базаларында текшерүү жана маалымат берүү иш-чаралары өткөрүлгөн.
Текшерүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Суй райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүштү.
Рейд учурунда коопсуздук эрежелеринин бир нече олуттуу бузулушу аныкталды. Атап айтканда, кээ бир лыжа базаларында төмөнкү көйгөйлөр катталган:
- медициналык пункттун жоктугу;
- биринчи жардам көрсөтүүгө жөндөмдүү адистердин жетишсиздиги;
- сертификацияланган куткаруучулардын жетишсиз саны;
- от коопсуздугу талаптарынын бузулушу;
- коопсуздук нормаларын сактабастан коомдук тамактануу пункттарында газ баллондорунун колдонулушу.
Бул бузулууларды жоюу максатында базалардын администрациясына, алардын кызматкерлерине жана эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде бул багытта иш улантыларын белгилешти.
Ош облустук экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын начальниги Асанбек Мамыраимов газ баллондорун алмаштырууну сунуштаганын айтты.
«Жаңы жылдын алдында президенттин Ош шаарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарынын катышуусунда жыйын өттү. Биз автомобиль газ баллондорунун ордуна коопсуз, атайын даярдалган баллондорду колдонууга сунуш бердик. Биздин жоопкерчилик аттракциондорго гана тиешелүү, ошондуктан баллондорду көзөмөлдөө биздин компетенциябызга кирбейт. Эгерде биздин тармакта бузулуулар аныкталса, зарыл чараларды көрөбүз», - деп кошумчалады Мамыраимов.