
Интернеттен алынган сүрөт
Жаңы токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги бул келишимди ишке ашырууга жооп берет. Бул министрлик тараптардын туристтик чөйрөдөгү практикалык өз ара аракеттенүүсүн координациялоону өзүнө алат.
Ошондой эле, Тышкы иштер министрлигине Тажик тарапка Кыргызстан келишимдин күчүнө кириши үчүн бардык керектүү ички процедураларды аяктагандыгы тууралуу маалымдоо тапшырылды.
Токтом кол коюлган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.