
Депутаттын пикири боюнча, мындай окуу мөөнөттөрү дүйнөдө эч жерде кездешпейт.
Жакында Жогорку Кенеште өткөн жыйындын жүрүшүндө депутат Болот Ибрагимов жолдордогу көйгөйлөр көп жылдык коррупция менен байланыштуу экенин белгиледи.
«Көйгөй окуунун сапатында эмес, көпчүлүк жөн эле айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алышкан, окуудан өтпөй. Мунун жоопкерчилиги мамлекетте, жарандарда эмес, азыр 10-12 ай бою окууга мажбурлоону көздөгөндөрдө», — деп билдирди Ибрагимов.
Ал бул чечимдин жаңылыш экенин жана кайра карап чыгууну талап кыларын баса белгиледи.
Сүрөт www