
Бишкекте болгону 35-40 тез жардам унаасы иштейт.
Жогорку Кенештин жыйынында депутат Жаныбек Абиров жаңы Саламаттык сактоо министрлигине кайрылды.
Ал административдик-территориялык реформа натыйжасында Бишкектин аянты кыйла кеңейгенин жана калкы 1 миллион 300 миң адамга жеткенин белгиледи. Бирок шаарда болгону 35-40 тез жардам унаасы бар.
«Тез жардамды күтүүнүн убактысы болжол менен 2 саатты түзөт. Маалымат алышымча, санариптештирүү аяктаган жана адистер жетиштүү, бирок унаалар жетишпейт», — деп баса белгиледи Абиров.
Ал борбор үчүн тез жардам унааларын сатып алууну Саламаттык сактоо министрлигинен сурады.
Сүрөт www