
Бишкекте шаардык мэрия тарабынан №87 мектепте текшерүү аяктаган.
Окуяны иликтөө үчүн Билим берүү департаменти тарабынан атайын комиссия түзүлгөн, андан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу боюнча олуттуу фактылар аныкталган. Айрыкча, бузуулар «Балдар жөнүндө» Кодексине, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына жана «Жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө» Типтик жобосуна, ошондой эле педагогикалык этика нормаларына тиешелүү.
Аныкталган бузуулар жашы жете элек окуучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузат, бул болсо болбойт.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мектеп директору дисциплинардык жаза алды, ал эми мугалим белгиленген процедураларга ылайык жумуштан бошотулду.
Мэрияда балдардын укуктарын жана коопсуздугун сактоо Бишкек шаарындагы Билим берүү департаменти үчүн приоритет болуп калууда жана дайыма көзөмөлдө.