Алардын маалыматы боюнча, аэропорттун аймагындагы көрүнүш 400дөн 800 метрге чейин өзгөрүп турат, бирок учуп кетүү жана конуу адаттагыдай уланууда.
Пресс-кызмат ошондой эле Turkish Airlines жана Pegasus авиакомпаниялары өз рейстерин токтотконун, ал эми жергиликтүү Tez Jet компаниясы эки рейсин түшүндүрмө бербестен токтотконун билдирди.


Эскерте кетсек, мурда аэропортто III категориядагы (CAT III) заманбап жарык-сигналдык система орнотулган, бул күчтүү туман жана төмөн көрүнүш шарттарында аба кемелерин кабыл алууга жана чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Бул жаңы өзгөртүү кечиктирүүлөрдүн жана рейстердин токтотулушунун санын кыйла азайтып, аба каттамдарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жардам бериши керек, деп билдиришти компаниянын өкүлдөрү.
Мындан тышкары, ААКда конуу боюнча акыркы чечимди пилот кабыл аларын белгилешти.