
Жолугушуунун жүрүшүндө күн энергиясы тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде өлкөнүн тоолуу жана жеткиликтүү эмес аймактарындагы энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор талкууланды.
«Жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү — мамлекеттик инвестициялык стратегиянын негизги аспекти. Биз электр энергиясына жеткиликтүүлүгү жетишсиз аймактарда туруктуу жана жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишенимдүү чет өлкөлүк өнөктөштөрдү тартууга аракет кылуудабыз», — деп баса белгиледи Сабиров.
Vantagion terra group limited — жаңылануучу энергия булактары үчүн инфраструктура түзүүгө багытталган эл аралык инвестициялык-девелопердик платформа болуп саналат жана күн жана шамал электр станцияларын долбоорлоо, инвестициялоо, куруу жана эксплуатациялоо боюнча толук циклды жүзөгө ашырат.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки тарап келечектеги кызматташууга жана Кыргызстандын жашыл энергетика тармагында конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгууга кызыгуусун билдиришти.