
Бишкектеги архитектуралык курулуш көзөмөлдөө башкармалыгы расмий реестрге катталбаган жана бирдиктүү паспорту жок курулуш аянтчаларын аныктады.



Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү объектилерде паспорттун жоктугу аныкталды:
- Анкара көчөсү, 1/7;
- Токмок көчөсү, 156 жана 37.
Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу курулуш менен алектенген Level, Ai-Group жана A-Plus компанияларына каршы тиешелүү административдик чаралар көрүлдү. Текшерүү процесси уланууда.
24.kg маалымат
Бирдиктүү паспорт - курулуш аянтчасынын мыйзамдуулугун тастыктаган документ болуп, QR-кодду жана объект тууралуу бардык зарыл маалыматты камтыйт. Ал стандартташтырылган форматта даярдалып, өлкө боюнча ар бир курулуш аянтчасында жайгаштырылышы керек.