Кыргызстан Россияга ЕАЭБ сотуна арыз берди

Яна Орехова Жергиликтүү жаңылыктар
VK X OK WhatsApp Telegram
Жогорку Кенештин социалдык маселелер, саламаттык сактоо жана эмгек боюнча комитетинин жыйынында, 27-январда Кыргызстан Россияга каршы Евразия экономикалык биримдигинин Сотуна доо арыз бергени тууралуу билдирилди.

Депутат Гулнара Баатырова Кыргызстандык мигранттар үчүн Россияда медициналык полистерди алуу жана кызмат көрсөтүү маселелерин чечүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Медициналык камсыздандыруу фондунун (ФОМС) жетекчиси Азамат Муканов бул багытта иштер улантылып жатканын билдирди.

Ал "Кыргызстан Россияга ЕАЭБдеги келишимдерде көрсөтүлгөн шарттарды аткарбагандыгы үчүн доо арыз берди. Медициналык камсыздандыруу полиси Россияда иштеп жаткан эмгекчилердин үй-бүлө мүчөлөрүнө да берилүүгө тийиш. Бул келишим беш мамлекет тарабынан кол коюлган," - деп белгиледи ФОМСтин төрагасы.

Муканов ошондой эле сот жыйыны өткөн жумада өткөнүн жана чечим эки жумада күтүлүп жатканын билдирди.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: