
Джакартада өтүп жаткан Азия кубогунун группалык этабынын биринчи күнүндө Кыргызстан курамасы ирактык спортчулар менен беттешип, оюнду өз пайдасына жыйынтыктаган жок, 2:4 эсебинде утулду.
Кыргызстандыктар оюнду ийгиликтүү баштап, 53-секундда эсепти ачышты. Ауттан кийин Кайрат Кубанычов өткөрүп, Донер Аманбаев биринчи голду киргизди - 1:0. Бирок, көп өтпөй кырдаал өзгөрдү: дарбазачы Бекболот Акматалиев борбордо колу менен ойногону үчүн талаадан чыгарылды, бул Иракка эсепти тез арада теңестирүүгө мүмкүнчүлүк берди - 1:1.
Перерывга чыкпастан мурда ирак командасы дагы бир гол киргизип, таймды 2:1 эсебинде өз пайдасына жыйынтыктады. Экинчи таймда Кубанычов алыстан сокку уруп, тең салмакты калыбына келтирди - 2:2. Бирок, ирактыктар кайрадан инициативаны өз колдоруна алып, үчүнчү жана төртүнчү голдорду киргизип, оюнду 4:2 эсебинде жеңишке жетишти.
Кыргызстан курамасынын кийинки оюну 29-январда Индонезияга каршы өтөт.