Шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын адистери аталган көчө бойлой жайгашкан бир нече ресторандар жана соода түйүндөрүн текшеришти. Рейддин жыйынтыгында, кээ бир курулуштар белгиленген кызыл сызыктардан чыгып кеткендиги жана жолго жакын өз алдынча кошумча курулуштары бар экени аныкталды. Текшерүү учурунда зарыл өлчөмдөр алынды.

Аныкталган объектилердин ээлерине мыйзам бузуу боюнча расмий эскертүүлөр берилди.
Мэрияда бул аракеттер шаардык архитектуралык көрүнүштү сактоого, жөө адамдарды коргоого жана транспорттун коопсуз кыймылын камсыздоого багытталгандыгын белгилешти. Мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейддер уланат.