
Музыкалык топ байыркы башкорт эпосу «Урал-батырдан» илхам алып, аны заманбап музыкалык тренддерге ылайыкташтырат. Алар салттуу аспаптарды жандуу аткаруу жана электрондук үндөр менен бириктиришет.
«Ay Yola өзүнүн ырлары аркылуу дүйнөлүк угармандарга ушул жерден пайда болгон баалуулуктарды жеткирет, аларды заманбап муун үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылат. Амбассадордук ролунда топ Дүйнөлүк кочмондор оюндарынын ар кандай маданий жана маалыматтык долбоорлор аркылуу жайылтууну, салттуу маданияттын заманбап эл аралык имиджин түзүүнү пландаштырууда», — деп айтылат расмий билдирүүдө.
Мындан тышкары, эки жолу Олимпиада медалын жеңип алган жана эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогунун ээси Айсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк кочмондор оюндарынын амбассадорлорунун катарына кошулгандыгы тууралуу мурда маалымдалган.
Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк кочмондор оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Ачылышы Бишкекте, негизги мелдештер жана жабылышы Ысык-Көл облусунда болот. 100 өлкөдөн коноктордун катышуусу күтүлүүдө.
Дүйнөлүк кочмондор оюндары этникалык спорттун түрлөрүнө арналган эл аралык спорттук мелдештерди билдирет, алар Борбордук Азия элдеринин салттуу оюндарын камтыйт.