
Анын айтымында, Бишкектин абасы анчалык булганган эмес
Жогорку Кеңештин жыйынында министр Медер Машиев Бишкектеги абанын сапаты тууралуу пикирин билдирди.
«Соңку эки жылда абанын сапаты жакшырганын байкадык, бирок түтүн дагы эле бар. Ошентсе да, Бишкек жогорку булгануу деңгээли бар шаарлардын рейтингинде орун алууга татыктуу деген пикир менен макул эмеспиз. Биздин абал анчалык критикалык эмес», — деди Машиев.
Ал ошондой эле, эл аралык IQAir ресурсуна толугу менен таянбаш керектигин, Кыргызгидромет тарабынан берилген расмий маалыматтарды эске алууну сунуштады.
Сүрөт www