
Региондо 35 тонна материалды саатына иштетүүгө жөндөмдүү асфальтобетон заводу да ачылды.
Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, Баткен облусунда Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги жол куруу жана эксплуатациялоо үчүн 43 бирдик адистештирилген техниканы тапшырган салтанат өттү.
Бул иш-чарада Япониянын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюити, JICAнын туруктуу өкүлү Нишигато Котаро, транспорт жана байланыш министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, ошондой эле жергиликтүү чиновниктер катышты.
Мындан тышкары, Япония Баткен районунда 35 тонна өндүрүмдүүлүккө ээ асфальтобетон заводун ачты.
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, «заводдун ачылышы жолдорду куруу жана оңдоо үчүн материалдардын убагында камсыз болушун камсыздайт, ал эми жаңы техника алардын тейлөө жана кармоо иштерин кыйла тездетет».
Сүрөт пресс-кызматынан