
Бул борборду түзүү боюнча демилге борбордук муниципалитетке таандык. Учурда аймакта тосмолор орнотулуп, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Бул имараттын келечеги боюнча маселе 2025-жылдын 5-ноябрындагы өрттөн кийин актуалдуу болуп калды. Окуядан кийин Бишкек мэри окуя болгон жерди барып көрүп, тиешелүү кызматтарга объект боюнча аракеттердин планын иштеп чыгуу жана жаңы долбоордун даярдыгын тездетүүнү тапшырды.
Бүгүнкү күндө маданий борбордун эскизин иштеп чыгуу этаптары аяктаган, бирок долбоорлоо уланууда. Мэрияда жаңы объект маданий иш-чаралар үчүн заманбап мейкиндик болушу керектигин баса белгилешет.
Курулуш качан башталаары жана долбоордун болжолдуу баасы кандай болору азырынча белгисиз.
«Фрунзе шаардык энциклопедиясынын» маалыматы боюнча, «Чатыр-Куль» кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык жашоо массивинде, Душанбинская көчөсүндө (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылган. Убакыттын өтүшү менен кинотеатр өз ишин токтотуп, 2010-жылы имарат улутташтырылып, мамлекеттик жаштар театры «Учурга» өткөрүлүп берилген. Тилекке каршы, объект боюнча капиталдык ремонт жүргүзүлгөн жок.