
Жолдун 291-километринде убактылуу реверсивдик режим орнотулду
Кар көчкү Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун 291-километринде, Кара-Ункур капчыгайына жакын түшкөн. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Учурда жолдун бул бөлүгү бир тилкеде өтүүгө ачылган — унаалар кезек менен өткөрүлүүдө.
Тоодон түшкөн кардын так көлөмдөрү азырынча такталууда. Окуя болгон жерде №41 жол эксплуатациялоо ишканасынын атайын техникалары иштеп жатат, алар жолду тазалоо менен алектенүүдө.
Министрлик айдоочуларды аба ырайын эске алууга, аралыкты сактоого жана тоо участкаларында жүрүү учурунда ылдамдык режимин карманууга чакырат.
Сүрөт www