
Штормдук эскертүү Кыргызгидрометтен
Кыргызгидромет тоолордо потенциалдуу кооптуулук жөнүндө эскертти: 23-февралдан 26-февралга чейин температуранын көтөрүлүшүнө байланыштуу кар көчкү жана муз тоңуу күтүлүүдө.
Кар көчкүгө кооптуу участкалар төмөнкү трассаларда белгиленген:
- Бишкек-Ош 121ден 138 кмге чейин (Төө-Ашуу ашуусу),
- Бишкек-Ош 198ден 265 кмге чейин (Ала-Бель ашуусу, Чычкан капчыгайы),
- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу 55тен 115 кмге чейин,
- Ала-Бука-Каныш-Кыя 45тен 112 кмге чейин (Чапчыма ашуусу),
- Красная-Горка-Акташ 0дөн 3 кмге чейин,
- Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык 97ден 98 кмге чейин,
- Бишкек-Нарын-Торугарт 292ден 305 кмге чейин (Долон ашуусу),
- Арал-Миң-Куш 1ден 14 кмге чейин, Арал-Суусамыр 8ден 21 кмге чейин,
- Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад 201ден 205 кмге чейин,
- 260-290 км жана 326-349 км (Көк-Арт ашуусу),
- Каракол-Энилчек 45тен 90 кмге чейин (Чон-Ашуу ашуусу).
Кар көчкүгө кооптуу участкалардан өтүүдө айдоочуларга транспорт каражаттарынын ортосунда 500 метр аралыкты сактоосу катуу сунушталат.
сүрөт www