
Бишкек мэриясынын жер пайдалануу боюнча көзөмөл комитети текшерүү жүргүзүп, «Ак-Орго» жашоо массивиндеги Кырк-Кыз көчөсүндө мыйзамсыз иштеп жаткан объектти аныктады. Бул тууралуу маалыматты мэриянын басма сөз кызматы таратты.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча муниципалдык жерге тиешелүү уруксат документтери жок кафе жана тандыр нанын өндүрүүчү пункт жайгашкандыгы белгилүү болду.


Бул объекттин ээлерине мурда эскертүүлөр жана мыйзам бузууларды жоюу үчүн белгиленген мөөнөттө чара көрүү талабын камтыган бир нече эскертүүлөр берилген.
Эгерде ыйгарым укуктуу орган тарабынан мыйзамдуу талаптар аткарылбаса, объекттин демонтажы жер пайдалануу боюнча көзөмөл башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 200 квадрат метр муниципалдык жер бошотулат.


Мэрия кичи жана орто бизнес өкүлдөрүнө соода объекттерин жайгаштыруудан жана муниципалдык аймакта курулуш иштерин жүргүзүүдөн мурун бардык зарыл уруксат документтерин алуу маанилүүлүгүн эскертет. Бул нормалар жана эрежелерди сактоо мыйзамдуу жана туруктуу ишкердик ишмердүүлүктүн негизин түзөт.