Бөйрөк трансплантациясы 1981-жылы төрөлгөн, 2018-жылдан бери гемодиализде жаткан пациентке жүргүзүлдү. Донор катары анын 1978-жылы төрөлгөн агасы болду. Эки пациенттин абалы туруктуу жана медициналык адистердин көзөмөлүндө.
УЭБКБда 2018-жылы башталган бөйрөк трансплантациясы программасынын алкагында 81 операция өткөрүлдү, анын 38и бюджеттик негизде жүргүзүлгөн.
Кошумча материалдар Хроникалуу бөйрөк оорулары менен ооруган пациенттер үчүн улуттук реестр түзүү сунушу
УЭБКБда трансплантация учурунда иммунологиялык тестирлөө үчүн заманбап методика да киргизилген, ал HLA системасы боюнча гистосовместимостьти баалоо, кросс-тестирлөө (Crossmatch) жана PRA көрсөткүчүн эсептөөнү камтыйт. Бул жаңылык операциялардын коопсуздугун кыйла жогорулатат жана пациенттер үчүн узак мөөнөттүү натыйжаларды жакшыртат.
Бүгүнкү күндө болжол менен 200 адам бөйрөк трансплантациясын күтүп жатат, алар 5-стадиядагы хроникалуу бөйрөк оорулары менен ооруган.
УЭБКБнын командасы пациенттерди консультация алуу жана мүмкүн болгон операцияларга даярдык көрүү үчүн кабыл алууга даяр.
Консультацияга жазылуу үчүн УЭБКБнын врачтарынын байланыш маалыматтары:
- Болот Эсембаев — 0778670006;
- Мирбек Байзаков — 0550227701.